www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмаз Атамбаевдин жана КСДПнын саясий технологу Алексей Василевецский Кыргызстандагы кен байлыктарынын бир тобунда доляда отурат экен.
Кантип дебейсиңерби? Мөңгүлөрдү талкалоого мүмкүнчүлүк түзүп, мыйзам долбоорун даярдаган Д.Зилалиев экөө биргелешип кен байлыктарга лицензияларды мыйзам бузуу жолу менен, ит бекерге сатышкан.
Себеби, алар кен байлык иштеткен ишканаларга лицензия арзан берүү менен доляга отурушкан. Бул иштер Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда жасалган.
Бул боюнча жакында өтө чоң чуулгандуу маалыматтар жарыкка чыгат. Ошондо, Атамбаевдин жанында саясий технолог болуп, кыргыз элин түндүк түштүккө бөлүү кеңешин берип жаткан Василевецский капканга түшөт, анын арты менен Зилалиев дагы илинет. КСДПга кийин келип кошулган Василевецский чет элдик атайын кызматтардын агенти экенин көбү билише элек.
Булак: NazarNews.kg