www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешме жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишин аяктады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ушул жумада жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болуп, андан соң жаңы Башкы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште жөнөтүлөт.

«Долбоордогу беренелерди бир нече ирет карап чыктык. Биз аны өркүндөтүп, юридикалык жана лингвистикалык анализ жүргүздүк», - деди ал.

Шерипов кошумчалагандай, жыйынтыктоочу отурумдан соң жаңы Конституциянын долбоору парламентке өткөрүлүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости