www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын аягында дүйнөлүк карыздын көлөмү 277 трлн долларга жетет же дүйнөлүк ИДПнын 365% түзөт. Бул тууралуу Forbes Financial Times басылмасынын шилтемесина таянуу менен жазып чыкты.
Эксперттердин берген маалыматына ылайык, өсүү 1 жыл ичинде 15 трлн долларга жеткен. Карыздын тез ылдамдыкта өсүшү коронавирус пандемиясына байланыштуу. Карыздарды кайра кайтаруу кыйынчылыгы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө туура келген, насыя алуу 26% га көбөйүп, дүйнөлүк ИДПнын 250% жакындап калды.
Дүйнөнүн карыздын басымдуу бөлүгүн АКШ ээлейт. Американын карызы 80 триллион долларды түзөт. 2019-жылдын аягында бул сумма 71 триллион долларды түзгөн.
Булак: NazarNews.kg