www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгери Сарыбай деген бай болгон, ал жылкыларын сугарганда Түптүн суусу соолуп калчу деген сөз бар. Бүгүн жылкылардын олигархы Иса Өмүркулов, анын жылкыларынын тезегин тазалоого эле эки-үч тракторист трактору менен бөлүнүп тазалап жетише албайт турат. СДПКнын фракция жетекчиси катары Иса Өмүркулов СДПКга тиешелүү мамлекеттик кызматтарды өзүм билемдикке салып келатат. Ал күйөө баласынын туулган күнүнө “сюрприз” кылыш үчүн акимдик кызматты бергени эле көпкөнчүлүккө жатат. Жакында ал чет мамлекетке дыркырап качып кетти деген сөз тарады. Иса Өмүркулов азыр качпайт, анткени Атамбаевди “журт атасы” деп жүрүп, жаңы президентти “журт атасы” дегенге оозу барбай турат. Муну уккан азыр Москвага кеткени жаткан Атамбаев бийликти кайра алса гана Иса Өмүркулов чет мамлекетке дыркырап качышы ыктымал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости