www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан "ЗиЛ" лыжа базасы бар. Кышкы сезондо шаардыктар, алыс-жакындан келген меймандар барып эс алышат. Жыл жаңыраар алдында өлкө башчысы Садыр Жапаров барып сезонду ачып келди.
Өлкө башчысы барып кеткенден кийин эле аталган базада илинген "уйгур желегине" байланышкан нааразычылык чыкты. Соцтармакта "ЗиЛ" лыжа базасындагы бир катар өлкөнүн желеги менен катар Кыргызстан менен Казакстандын туусунун ортосуна уйгурлардын байрагы илинип турганын жар салган видео тарап, нааразы болгон сын-пикирлерге жем таштады.
Чынында бул көрүнүш, түшүнгөн адамга билимсиздикти, саясий сокурлукту билгизген өтө чоң каталык болду. Ким илдирсе дагы, жана ага жол берилген жагдайдын өзү, эл аралык деңгээлде Кытай өлкөсү менен алакага жик салчу чагымчылдык жыттанып турат.
Лыжа базасынын кожоюну уйгур улуттундагы кыргыз жараны экени айтылды. Желекти кандай максат менен илгени белгисиз. Албетте, коомчулуктун сынынан кийин желек алынып, бул окуяны тиешелүү укук коргоо органдары иликтеп баштады.
Арийне, мындай түпкүлүгү түз эмес, максаты бүдөмүк, эл аралык мамилеге, улут аралык жиктелүүгө доо кетирчү ишти, мындан ары дагы башкалар "билип-билбей, же атайлап" жасабаш үчүн, күнөөкөрлөр мыйзам чегинде жоопкерчилик тартышы керек. Ою, ниети бузуктарга бул окуя сабак болууга тийиш. Ансыз болбойт.
Анткени "ЗиЛ" эс алуу лыжа базасына көптөгөн эс алуучулар барат. Мындай одоно ката, чагымчыл аракет кошуна мамлекеттер менен да мамилебизди солгундатат. Өзгөчө кытай менен алакага доо кетириши мүмкүн. Андыктан бечелге жөтөлдүн кереги жок. Мыйзам иштеп, өзүм билемдикке жол берилбеши кажет.
Жогоркудагы көрүнүш социалдык тармакта чоң талкуу жаратты.
Мамашарип Жоробай уулу: -"Биз тапканыбызды той ашка коротуп жүрө берсек, ар ким башыбызга чыга берет. "ЗиЛ" тоо лыжасы уйгур ишкерине карайт. Ошондуктан, ата мекендик ишкердикти өнүктүрүп, бардык мумкунчулукту колго алыш керек, - дейт.
Майрам Мамбетова: - Кыйынбыз, улуу элбиз деп бакырабыз.7 жылдан бери уйгурлар желегин (мамлекет болбогондон кийин бекитилген желеги жок, бирок өздөрүнүн жасап алган желегин) Кыргызстандын желегинин жанына илип алганын байкабагандыгыз - бул биздин кайдыгерлигибизби же өтө эле айкөлдүгүбүзбү? 74 жаштагы киши эмнеге жетекчилик орунда отурат? Булар (уйгурлар) эмнени ойлоп отурат? Суроо бере берсең толуп жатат, ага ким жооп берет кеп ошондо? Дагы ким биринчи байкаган кишиге рахмат.
Бурул Жолдошова: - Жазага тартыш керек, өзүнчө мамлекет эмес да желегин илгидей.
Мунарбек Абдыразаков: - Видеодогу уйгурдун сөзүн карасанар, ушунча жыл турат деп апыртып салганын, бул иттердин колунан жакшылык келбейт, кыз боозуп энесин коркутат эле болуптур... Биз отура берели 4-5ке бөлүнүп алып, акыя айтышып, улуу элибиз бекер жеринен айтпаса керек: "Жаман үйдүн коногу бийлейт" деп, мамлекеттик деңгээлде чара көрүлүш керек.
Азимкан Жумабекова: - Кыргыз ишкердикти баштаса эле "байып кетти, жеп койду, алдады" деп, ызылдап эле чүнчутөбүз. Башкалар байымак түгүл желегин илип ал са да унчукмай жок.
Жанылай Абакирова: - 2016- жылдан бери көрбөй эми көрүшүптүрбү? Көсөөнүн акылы түштөн кийин дечү беле?
Ал эми белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, "Жогорку көрүнүш сепаратистик мүнөздө илиндиби, булардын баарын таап жазалаш керек" деген пикирин "Сокол" медиага берген маегинде айткан.
Булак: NazarNews.kg