www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы Иркутск облусунун Октябрь райондук соту 17 жаштагы кыздын ишин карап, өкүм чыгарды. Ал Россия Федерациясынын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган, деп билдирген Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматы.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, өспүрүм кыз Иркутсктагы аэропорттон кармалган. Ал Түркияга Кыргызстан аркылуу барууга аракет кылганы аныкталды.

Чек арачылар текшерген учурда Россиянын аймагынан чыгууга уруксат алганын айтып, нотариалдык жол менен тастыкталган документин да көрсөткөн. Бирок ал документ жасалма экени ачыкка чыккан.

Жыйынтыгында өспүрүм күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости