www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Зима не будет» деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев эки күндөн бери белгисиз болуп жатканын Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы ырастады. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда,мунун алдында социалдык тармактарда Абдылдаевдин сүрөтү илинип, анын изделип жатканы тууралуу жарыянын сүрөтү тараган. Анда ал 13-декабрда эртең менен саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткенден бери белгисиз экени жазылган. 14-декабрда анын жоголгону тууралуу маалымат милициянын каттоосуна алынып, издөө иштери башталган.
Абдылдаевдин жакындары комментарий бере элек. Ал 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын "мен Кудаймын" деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң милиция Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg