www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев уулун үйлөп, чоң той өткөрдү. Тойго коомчулукка таанымал бир катар саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышканы айтылууда.
Бирок социалдык тармакта тойдун конокторунан мурда бир адамдын жоктугу талкууланып жатат — Камчыбек Ташиев.
Айрыкча акыркы мезгилдеги саясий окуяларды эске алганда, Зулушев менен Ташиевдин аты коомдук-саясий талкууларда катар айтылып келет. Экөө тең «75чилердин иши» боюнча сот процессинин фигуранттары болгон.
Ошондуктан социалдык тармактагы суроо да жөн жерден чыккан жок:
«Эмне үчүн Ташиев Зулушевдин уулунун тоюна келген жок?»
Бул жөн гана үй-бүлөлүк тойбу же акыркы саясий окуялардын таасири байкалдыбы?
Азырынча Ташиевдин тойго эмне себептен катышпаганы тууралуу түшүндүрмө жок. Ошондуктан калганын коомчулуктун талкуусуна калтыралы.
Сиз кандай ойлойсуз: саясат менен жеке мамиленин чек арасы кайда?