www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2026-жылдын 12–18-сентябрын камтыган 38-жумада курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) 4 366 учуру катталды.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,5 учурду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине дээрлик туура келет.

2025-жылдын 38-жумасында КРВИнин 4 298 учуру катталып, оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,57 учур болгон.
Катталган оорулардын 74,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Адистер КРВИнин жайылышын алдын алуу үчүн оорунун белгилери байкалган учурда үйдө болууну, балдарды айыкканга чейин мектепке жана бала бакчага жибербөөнү, адамдар көп топтолгон жерлерде зарыл учурда беткап колдонууну сунушташат.

Ошондой эле колду үзгүлтүксүз жууп, бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалык жүргүзүп, туура тамактануу жана жетиштүү эс алуу сунушталат.

Последние новости