www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ниматова:

Кыргызстандагы айрым жарандар Кыргыз-Кытай чек арасынын жабылышына нааразы болушууда. Бул тууралуу активист Инаят Ниматова фейсбуктагы баракчасына жазды. 

--"Кытай менен чек ара жабык. Тааныштарым товарларын, жүктөрүн Кыргызстанга Казакстан аркылуу алдырып, кошуналардын бюджетине 3,5 млн сом пайда келтиришти. Өзүбүздүн бюджетте 35 млрд таңкыстык деп уктум", - деп билдирди Инаят Ниматова. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандагы базарларда иштегендер өкмөт алдына митингге да чыгышкан. Алар жарым жылдап товарын албай, акчаларынын баары жүгүртүлбөй токтоп калганын, товарлардын сезону өтүп кеткенин айтышкан.

Ал эми Бажы кызматынын маалымат кызматы учурда Кытайдан товарлар тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатканын билдиришти.  

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости