www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын фронттогу абалы оор экени белгиленди.
Россиялык аскерлерге Часов Яр шаарын алуу Украина Куралдуу күчтөрүн керек түү нерселер жеткирилип жаткан жолдорго сокку урууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Лондондогу коргонууну изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Жек Уотлинг Foreign Affairs журналына жазган макаласында айтканын РИА Новости билдирди.
Уотлинг Украинанын тактикалык абалы анча эмес болуп турганда россиялык аскерлерге мындай ыкма согуш талаасында ийгилик алып келерин белгилеген.
Макалада жагдайды Украинанын абадан коргонуу системасынын абалы татаалдаштырары айтылат. Автордун билдиришинче, Украинанын фронттун линиясында асманды коргоого ресурсу жок, андыктан Россия үчүн аскердик позицияда таамай сокку уруу жеңилдейт.
Буга чейин Украина армиясынын башкы командачысы Александр Сырский украин аскерлеринин фронттогу абалы оор экенине нааразы болгон. Анын айтымында, Россия олуттуу артыкчылыкка ээ жана тактикалык ийгиликтерге алып келген байланыш линиясы боюнча активдүү чабуул жасап жатат.
Булак: NazarNews.kg