www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын кыргыз жарандарын өлкөгө массалык түрдө киргизбей жатканы тууралуу маалыматты ырастаган жок. Бул боюнча мекеме атайын билдирүү таратты.
Маалыматта Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемелерине мындай белги келип түшкөн эместиги айтылат.
Анткен менен Тышкы иштер министрлиги азырынча Орусияга барбай турууга чакырат.
«Мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин Орусияга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайбыз», — дейт министрлик.
Акыркы айда Тажикстандын миңдеген жарандары Орусияга кире албай, учак менен баргандары кайра депортация болуп жатканын кабарланууда.
Булак: NazarNews.kg