www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
48 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Сузактагы Портердин айдоочусуна Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
Ага ылайык, 48 жаштагы шектүү Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ал эми жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти. Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Портер унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Булак: NazarNews.kg