www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адис адам таттууну бала кездеги адаттан улам да көп жеп калышы ыктымал экенин айтты.
Таттууга дайым тартыла берүү олуттуу оорулардан кабар бериши мүмкүндүгүн дарыгер, диетолог Дарья Русакова билдиргенин "Известия" жазды.
"Адам диабет болууга жакындап калганда же аталган оору менен жабыркап жатканда канда инсулин көп иштелип чыгып, глюкоза өйдө-ылдый көтөрүлөт. Мындан улам баш ооруп, күч кетип, жүрөк айланып, анан татттууну жеп башташат", — деген адис.
Русакованын айтымында, маанайдын өзгөрүлүшү жана депрессиялык абал дагы курамында канты бар азыктарга тартат. Ошондой эле жан дүйнөсү чөгүп жүргөн адам дагы таттуу менен өзүн алаксыткысы келет.
"Балдарга кайсы бир ийгилиги үчүн таттуу берип мактайбыз. Чоңойгондо дагы ошол адаты калып, кийин өзүн таттуу азык менен "сыйлаган" учурлар болот", — деди диетолог.
Мындан сырткары, организмге минералдар, В тобундагы витаминдер жана хром жетпегенде дагы таттууга тартылат.
Адис шекердин өзү нак углевод экенин, эч кандай баалуулугу жоктугун айтып, рациондон азайтууга чакырды.
Булак: NazarNews.kg