www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагында болгон каргашалуу окуя — 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча сотко чейин өндүрүш башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалымат кызматтан учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, соттук медициналык бардык экспертизалар дайындалганын айтты.

"Азырынча беренеси жок. Экспертизалык иштер аяктагандан кийин гана кайсы берене боюнча кылмыш иши козголору белгилүү болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлөрүн айткан. Ошондой эле ал текшерүүлөр кандайдыр бир жакшы жыйынтык бермейинче ушул сыяктуу аттракциондор жабылышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Эске салсак, 27-июль күнү Бостери айылындагы аквапаркта уланды суу түтүгү соруп кетип каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости