www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулун камакка алды.
Биринчи май райондук сотунан 28-июлда маалымдалгандай, сотко чейинки процесстин алкагында ал 25-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.
Мындай чечим кечээ, 27-июлда кабыл алынды.
Эске салсак, Сагындык уулу УКМК тарабынан жол реконструкцияланып жаткан Линейная көчөсүндө жайгашкан кафенин маселесин чечүүгө катышкан деген шек менен кармалган.
Ага каршы көрсөтмөнү Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын бухгалтери берген, ал паранын бир бөлүгүн кафенин ээсине кайтарып берип жатып колго түшкөн.
Булак: NazarNews.kg