www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков бүгүн, 28-июлда Бишкекте көз жумду.
Маркумдун жакындары айтымында, коштошуу зыйнаты 29-июлда өтөт.
Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.
1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.
Сыдыков “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетекчиси болгон.
2010-жылдын 14-майында өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектүү катары кармалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg