www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исламдын арабдарга пайдасы тийди, а кыргыздаргачы?

Мухаммед САВдын кеменгерлиги менен ислам дини бузулуп жок болуп бараткан, өгөй энеси сулуу болсо атасын өлтүрүп апасын катын кылып алган, кыз туулса тирүүлөй кумга көөмүп, өлтүрүп таштаган, талаада жылаңач жүрө берген, көчөдө жалгыз аял жүрсө өзүн кармоого эрки жетпей, уят-сыйт дегенди түшүнбөй тоокту көргөн сатаң короздой кууп барып, тырпыратып баса калып зордуктаган (араб бийи), 360 колго жасалган куурчак кудайчага сыйынып, бирин сөзун бири укпаган араб элинин башын курейши уруусу менен еврейге таандык кудайча Аллахка (Иллах, Елогу Елох) баш ийдирип, бирдиктүү бир системага салды!

Жарым жапайы арабды сүйгөн жана арабга катуу күйгөн улутчул Мухаммед САВ акыл-айласын, амалын колдонду. Ал элди бир багытка сала турган каада-салтынын идеологиялык эрежелери жок ар кимиси ар тарапты карап уруу, урук, коңшу-коңшу болуп бөлүнуп-жарылып, урушуп-согушкан, моралдык жактан аябай бузулуп жок болууга аз калган араб элин ислам дини менен сактап калды.

Сактап гана калмак турсун өзунөн кийинки төрт халифке чоң жол ачып, алар жана андан кийинки башкаруучулар исламдын кылычы аркылуу бириккен араб элин күчтүу мамлекетке айландырды. Халифтер дүйнө элине “кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп”, көнгөнүн арабдаштырып, көнбөгөнүнүн канын төгүп, жанын сууруп, кыз-келинин катын, күң кылып, эркектерин бычмал кул кылып азабын берип, акмагын чыгарды...

Алар ошол дин таратуу аркылуу басып алуу жолу менен жалпы араб элинин жыргалчылыгын, байып маарышын камсыз кылып, башка элдерди арабга таандык диний идеология болгон шарияттын эрежелеринин жолуна салып, жаштарын диний маңкуртка айландырып, санжыра тарыхын бурмалап, ата-тегин жок кылып, араб-еврейдин өз ата-энеси болгон Адам, Евага чөк жана пөк түшүрдү.

Ислам дини VII бери ислам газаваты жана миссионердик (даават) жолу менен басып алган элдердин жан дүйнөсүн жана өзүлөрун руханий-материалдык кулга (маңкурт-Жоламан) айландырып, арабдардын бийиктигин жана улуулугун даңазалады. Өлгөндөрдү бейиште арабча сүйлөтүүгө үлгүрүп, башка улуттардын элдерин диний идеология-шарият аркылуу бири менен бирин талаштырып, уруштуруп, согуштуруп бөлүп-жарып, алсыздандырды.

Ошентип акыры арабга чөк түшүүгө, арабдын таманын жалап, көчүгүн өз эрки менен өбүүгө, араб кандай дем алса ошондой дем алууга, араб эркеги жана аялы кандай кийим кийим кийип, кандай жүрсө, кантип жатса, катынына кандай мамиле кылса ошондой мамиле кылууга, араб кандай жөтөлсө же осурса дал ошондой жөтөлүугө жана осурууга даяр кылып, жан дүйнөсун, акыл-эсин өзгөрттү!

Мындай арабдашуу кылык-жоругун тез жана ийкемдүүлук менен адаттандырган (адаптация) диний маңкурттар “бул жагымпоздук, кошоматчылык” дегендин ордуна “бул сүннөт!” деген ой-түшүнүккө берилип, бул түшүнүк аң-сезимге бекем орноп, каны менен кошо айланып, мээсин тегеретип, жүрөгүн эритип сыймыктандырып, ээликтирип, желпиндирип жанын эргите турган кулдук уруу жөрөлгөсүнө биротоло айландырды.

VII кылымдан -1500 жылдан бери  арабдардын жыралчылыгына, башын бириктирүугө, мамлекет кылууга  ак кызмат кылган ислам дини мамлекеттүүлугүнө 7000 жылдан ашык убакыт болгон, кыргыздын башын бириктирип ошончо  миң жылдардан бери сактап келаткан, совет маалында дагы жоюлбай ички идеология катары жашап келаткан, “Коммунизмди куруучунун моралдык Кодексине окшогон, дүйнө элине улгү боло турган   кыргыздын каада-салтынын, үрп-адатынын,  эреже-жол жоболору бечара-байкуштай абалда коргоосуз калып ага карата диний катуу чабуулдар жасалды жана жасалууда.

Акыркы 30 жылдык СССРден бөлунгөн эгемен башкарууда АКШтын, Англиянын, Батыштын айрым өлкөлөрү аркылуу башкарылып турган Аравия, Пакистан өлкөлөру, ал өлкөлөрдөгү ар кандай мазхабдардагы башка элдерди сабатсыздыкка, диний фанатизмге даярдоого ылайыкташкан ддиний-диверсиялык диний коомдор, уюмдар, фонддор мамлекетик деңгээлде Кыргызстандагы диний төбөлдөрдү, диний НПОчуларды акчага ж.б. азгыруучу, кызыктыруучу нерселерге сатып алышты.

Ошентип “дин тутуу эркиндиги” деген статьяга таянган чет өлкөлүк диний диверсантттар саткын-диний кыргыздардын колу жана оозу менен кыргыз эли бир топ мезгилдерден бери пайдаланып келген толереанттуу салттуу ислам болгон Ханафий махзабды муфтияттан, мечиттерден, намазканалардан, окуу жайлардан сүрүп чыгарышты. Суруп чыгарышты да кыргызды сактап келген улуттук идеологияны – салттык эрежелерди “бул ширк, бул күнөө, бул исламга туура келбейт, бул шариятка ылайык эмес!” деп бала туулгандан, киши карып өлгөнгө чейинки руханий баалуулуктарды жокко чыгарышып, кыргызды ислам аркылуу басып алууга, арабдаштырууга катуу киришти. 

Алар ушул аракеттери менен жалпы элдин нааразчылыгын тудудуп, диний-жарандык согуш чыгарып, өзулөрүнун согуштук базалары аркылуу Саудиянын-арабдын колу жана көмөгү менен араб мамлекеттери болгон Иракты, Сирияны талкалагандай эле, момун кыргыз менен радикал исламчы кыргызды идеялык-диний көз караш боюнча бирине бирин каршы койду. Элди бөлүп-жарып, айтыштырып, уруштуруп, согуштуруп, диний жарандык жаңжалды пайда кылып, мамлекетти талкалап, Кыргызстанды Ирактын, Сириянын кейпине алып келип, жарым колония кылып эгемендиктен ажыратууга аракет жасашты жана дагы жасашууда!

Алардан алган акчага жана башка нерселерге кызыккан улут чыкынчылары -“токойду кырккан балтанын саптары” болгон кыргыздын радикалдашкан диний төбөлдөрү өлкө бийлигинин байлык топтоо, бийлик бөлүштүрүү түйшүгүнөн ажырабагандыгынан жана кайра өзүлөрунө кошулуп кеткендигинен өтө эпчилдик менен пайдаланышты...

Алар билимсиз, көп нерсени көрө элек тажырыйбасыз жаштарды адаштырып, азгырып, диний фанат кылып, аларды өзүлөрунө каршы чыккандарды уруп-сабоого, уят сөз менен сөгүүгө, опузалап коркутууга үйрөтүп, адам өлсө өкүрүп, кошок кошконго тыю салып. Зыйнатын өткөртпөй дароо көмүүгө даярдап, ал эми дини адамы өлсө “Аллаху акбар!” деп хор менен кыйкырып бакырып ыйлоого, элдин сесин алып, ызы-чуу салууга машыктырып жихаадга даярдашты.

Динди пайдаланган мындай терс жоруктары менен алар кыргыз улутуна болгон саткындыктын, чыккынчылыктын үлгүсүн ачык-айрым коркпой, үркпөй, уялбай, тартынбай эле көрсөтүштү.  Мунун бир мисалын өлкө боюнча бир мезгилде чыккан активдүулук менен демонстративдүу турдө мектеп окуучуларына карата чыккан “хиджап-жоолук” чабуулу аркылуу ачык далилдешти! 

Эгерде биз – кыргыздар эмитен эсибизге келбесек, кайдыгер болсок, кенебесек же “динчилдер өлтүрүп кетет, урат, сөгөт!” деп корксок анда салттык эрежелер менен сакталып келген 7000 жылдык тарыхы бар мамлекетибизди 1500 жылдык тарыхы бар дин аркылуу кыйратып, улут катары жоюлуп арабдашып жана сабатсыздыка батып азапта калабыз. Мунубузду келечек муундун кулчулукта жашай турган улуттук трагедиясы жана ата-бабалардын арбагы кечирбейт!

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости