www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, эң башкысы өз элин, жерин сүйгөн мекенчил инсан Үсөн Сыдыковдун бул жалган менен коштошкондугуна байланыштуу жубайына, уул-кыздарына жана жакындарына терең көңүл айтам. Кайгыңарды тен бөлүшөм. Үсөн акенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

Эске сала кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду, коштошуу зыйнаты 29-июлда өтөт.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости