www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу кызматы тарабынан ɵткɵзүлгɵн иш-чаралардын натыйжасында Ахмет Искендер аттуу Түркиянын жараны жасалма документтер менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жүргɵнү аныкталды. Аны кармап, колго түшүрүү боюнча ыкчам иш-аракеттер башталган.

Натыйдада 1984-жылы туулган Ахмет Искендер 2022-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кармалып, жанынан Түркия мамлекетинин жараны Мухаммет Искендердин атына жазылган жасалма паспорт жана айдоочунун күбɵлүгү табылган.

Териштирүү маалында - 2007-жылы январь айында Стамбул шаарында ишке ашкан Грант Динк деген журналисттин ɵлүмүнɵ жана андан башка: «Уюшкан кылмыштуу топторго аралашуу» жана «Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү» сыяктуу оор кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип, Түркиянын укук коргоо кызматы тарабынан издɵɵгɵ алынганы белгилүү болгон.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин негизинде, бул факт боюнча 379-берененин 2-бɵлүгү (жасалма документ) боюнча кылмыш иши козголду жана 2022-жылдын 28-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ахмет Искендер Укук министрлигинин СИЗО-1 кармоочу жайына 2 айга камакка алынды.

Издɵɵдɵ жүргɵн адам Кыргызстанда кармалды деп айтып койгонго оңой болгону менен, аны кармоо канчалык машакат жаратканы айтпаса да белгилүү. Алгач ушундай жарандын Кыргызстанда жүргɵндүгү боюнча маалымат түшɵɵрү менен аны аныктоо, баскан изин текшерүү аракеттери башталган. Эң кызыгы -  кармалган Ахмет Искендердин жанынан Мухаммет Искендердин паспорту алынганда, анда ɵзүнүн сүрɵтү болгон. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен Ахмет Түркиядан башка жарандын паспортуна ɵзүнүн сүрɵтүн берип жасалма паспорт алганын моюнуна алган.

Алгач бүт күнɵɵдɵн ɵзүн оолак кɵрсɵткɵнгɵ аракет кылып, танганы менен, оперлердин сары изине чɵп салган териштирүүсү анын журналисттин ɵлүмүнɵ тиешеси бар экендигин аныктап чыкты. Эми тиешелүү иш-аракеттер жүрүп, кылмышкерди Түркияга экстрадация кылуу маселеси талкууда. Бул кылмыш ишинин бетин ачууда негизги ролду ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу кызматы болгонун айта кетсек ашыкча болбос.

Биздин кесипкɵй оперлерибиздин эмгегинин аркасы менен Түркия ɵлкɵсү менен болгон достугубуз бекемделип, эки ɵлкɵнүн бири-бирине болгон ишеним тереңдеп атканы чындык. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деген кыргыз эли. Анын сыңарындай мындан 15 жыл мурун адам ɵлтүрүүгɵ шектелген жаран ɵз жасасын алмай болду.

Күжүрмɵн кызматтагы эл сакчыларына, тагыраагы Улан Ниязбеков башында турган ИИМ министрлигине жана Жеңиш Жоробеков башында турган ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу кызматынын жалпы кызматкерлерине алкыш! Түмɵн түйшүктүү ишиңиздерди ийгилик коштосун!

Нургазы Айтмырзаев

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости