www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 3-мартта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөшкөнүн Мирзиёевдин басма сөз кызматы билдирет. Өзбек тараптын расмий кабарына ылайык, эки президент "достукту, стратегиялык өнөктөштүктү жана өнөктөштүк мамилени мындан ары да чыңдоо, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин" талкуулады.

Казак президентинин басма сөз кызматы эки лидер азыркы геосаясий чыңалуу шартында соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулаганын билдирди.

Буга кошо казак президентинин сайты "президенттер жаңы коркунучтарды жана маселелерди жоюу максатында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү макулдашканын" жазды .

Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он күндөн бери Украинанын дээрлик бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуул Киевге жана Харьковго жасалды. Салгылашууларда жүздөгөн адам каза болду, миллиондон ашык адам качкын болуп, Украинаны таштап чыгып кетти.

Булак:  NazarNews.kg 

 

Последние новости