www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцина чыгарылат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылдан тарта Кыргызстанда коронавируска каршы россиялык вакцина чыгарыла баштаарын айтты.

Sputnik радиосунун эфиринде министр 500 миң доза вакцина алуу менен катар аны чыгаруу дагы пландалып жатканын билдирген.

"Россиялык кесиптешим Михаил Мурашко менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, коронавируска каршы вакцинаны Кыргызстандын аймагында дагы чыгаруу боюнча келишимге жетиштик. Негизи вакцина үчүн материал арзан эле түшөт экен. Бирок аны куюу, таңгактоо, жеткирүү, сактоо кымбатка турат. Ошондуктан вакцинаны Кыргызстанда өндүрүү кыйла пайдалуу", — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, гепатит сыяктуу башка ооруларга дагы каршы вакцина өндүрүү пландалып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости