www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-июнда айрым жерлерде, тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +32...+34, Чолпон-Ата шаарында +20...+22 градуска жетет.
Булак: NazarNews.kg