www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, борборубуздагы тойканалардын биринде теле алып баруучу жана балет бийчиси Алтынай Манасбекова турмуш жолуна аттанып, кыз узатуу тою өтүп жатат. Буга чейин белгилүү болгондой Алтынайдын жолдошу боло турган мырза теле алып баруучу Максат Довранов. Учурдан пайдаланып той алдында Алтынайдан чакан маек алдык. 

- Алтынай, маанайың жакшыбы? Кабагың суздай...

- Баары жакшы буюрса. Бирок, той баштала электе эле толкунданып, ыйлагым келип жатат. 

- Максат менен кантип таанышып калдың?

- "Музыка" телеканалында 2022-жылдын декабрь айында таанышканбыз. Кесиптеш байкем катары бирге иштешип жүрдүк.

- Сезимдер качан ачыкталды? 

- Май айынын башында сезимдерин билдирип, дароо эле үйлөнүү тууралуу ойлорун ачык айткан. Кесиптеш болуп жүргөндүктөн, мага күтүүсүз болду. Мен даяр эмес болчумун. Байкем катары көрүп сырдашып жүрчүбүз. БаарыН ачык билдиргенде мен шок абалда болуп, эки жума Максаттан качып жүрдүм. Көпкө ойлонуп, андан соң макулдугумду бердим. 

- Кыска убакыт эле мамиле курупсуңар да...

- Ооба, кыз-жигит болуп сүйлөшкөн жокпуз. Баары тез эле болуп кетти. 

- Учурда 20 жашта экенсиң. Ортодогу 15 жаш айырмачылыктан кооптонуу болгон жокпу?

- Жок, жаш айырмачылык маанилүү деле эмес. Эгер теңиң өзүңө ыңгайлуу болуп эртерээк көнүп алсаң жеңилдик гана болот экен.

- Чүйдүн кызы болуп түштүккө турмушка чыгуудасың. Коркуу сезими жокпу? 

- Башында корктум. Себеби, салт санаа эки башка болот го. Салтты сакташ керек. Мен аны туура көрөм. 

- Турмушка чыккан соң кандай пландарың бар? Иштейсиңби? 

- Турмушка чыкканда кандай болот азыр билбейм. Жолдошум чечип калат да. Иштөө боюнча өзүмдүн каалоом бар. Бирок, мен үчүн биринчи орунда үй-бүлө турат.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости