www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Китайлык Чжоу полициядан 30 жылга жакын жашырынып жүрүп, бирок чыдабай калып, колго түшүп берүү үчүн келгенде ага эч ким издөө салбагандыгы белгилүү болгон. Бул тууралуу Global Times басылмасына таянып Sputnik жазды.

Чжоу 1990-жылы топтошкон мушташка катышкан. Эртеси окуя болгон жерге келгенде полициянын токтоп турган автоунаасын көрүп, ошол бойдон из жашырган.

"Окуядан 30 жыл өткөн соң 52 жаштагы киши полицияга өзү келип, аны кайсы күнөө кылганы үчүн издегендигин тактоону чечкен. Полиция маалыматтар топтомун ачып, аны издөө салгандардын арасынан, дегеле ал катышкан кылмышты тапкан эмес. Муну уккан киши ыйлап жиберген. Чжоу жашырынып жүргөн жылдары ата-энеси кайтыш болуп кеткен", — деп жазган басылма.

30 жыл ичинде качкын шахта менен кыш заводдо иштеп, ыргытылган өнөр жай таштандыларын чогултуп, тапшырып жанын багып келген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости