www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын аймагында эртең менен жана кечинде унаа агымынын көбөйүшүнө байланыштуу айрым көчөлөрдө тыгын пайда болуп, жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык жаратууда деп шаар тургундары жана коноктор шаардык милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине көп кайрылышат.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын МККБнын кызматкерлери, борбор калаада коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо боюнча, өз ишин күнү-түнү жүргүзүшөт, тыгындар пайда болгон жерлерге токтоосуз кызматерлерин тобу жөнөтүлөт, ошону менен бирге күнүгө саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечкисин саат 17.30дан 19.30га чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчө кесилиштеринде кыймылды кол менен жөндөп иш алып барышат.
Мындай ыкма светофорлор иштебей калыган, жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнөн же аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн, ошондой эле жана башка көрүнүштөрдөн улам пайда болгон тыгындарды алдын алуу, жөнгө салуу үчүн унаалардын тыгыны көп болгон жерлерде жол кыймылын кол менен жөнгө салышат. Борбордук милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежесин так сактоого чакырат! Жасалма тыгындарга жол бербөө үчүн, карама-каршы жолдун тилкелерине чыкпай, жол кесилиштерге жакын жерде ортого кире калып бир багыттан экинчи багытка өтүү аракетин кылбаңыздар, ушул жана башка аракеттериңиз жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жана ыңгайсыздыктарды жарататарын эсиңизге алыңыздар.
Булак: NazarNews.kg