www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого карата милиция кызматкерлери бүгүндөн баштап күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коомдук тартипти сактоо үчүн 3000дей милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле элдик кошуундар дагы жардам көрсөтөт. Ал эми миңден ашуун милиционер шайлоо участкаларына бекитилген.

"Коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын ыкчам штабы түзүлдү. Коомдук тартипти камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып Бишкек, Ош жана Токмок шаардык милицияларына жөнөтүлгөн. ИИМдин кызматкерлерине БШК менен биргеликте онлайн-методикалык окуулар өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери 9-12-июль күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул жекшембиде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул күнү 326 шайлоо участкасы ачылат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости