www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-сентябрда Бишкек шаарында 4 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Шкода унаасынын айдоочусу 17 жаштагы Б.Б. Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй баратып, каршы тилкеге чыгып автобус менен сүзүшкөн.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Тиешелүү бардык сот-медициналык экспертизалар дайындалган.
Жүргүнчү ташуучу автобус кайра оңдоого жараксыз абалга келгени айтылган.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Шкода үлгүсүндөгү унаа менен жүргүнчү ташуучу автобус сүзүшкөн оор жол кырсыгы катталган. Бул кырсыктан 4 киши ошол жерден каза болсо, дагы 7 адам ооруканага жеткирилген.
Булак: "NazarNews.kg"