www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кече ЖоКедеги депутаттар Билим берүү министрлигине өкмөт сунуштаган Каныбек Исковдун талапкерлигин колдоп беришти. Албетте сын-пикир айтылды, ийгилик каалашты. Эми “Алыбек алына жараша...” эле болсо болмок. Мында “балык” болбой маарап коюну эп көргөндөр четтен чыкты. Алардын бири жана тамашалуусу “деңгээл” тууралу айткан Өмүрбек Бакировдун акыл айткандары болду окшойт.

Анда “Айыл жерлериндеги мугалимдердин деңгээлдери начар. Бул талашсыз! Мына ошол айылдык мугалимдердин деңгээлин көтөрүү боюнча курстарды ачасыздарбы, кайрадан мугалимдерди окутасыздарбы, кандай болбосун мына ушул мугалимдердин деңгээлин көтөрүш керек бүгүнкү күндө. Заочно окуп, заочно тапшырып коюп, университетке барбай койгон мугалимдер дагы бар мына бүгүн. Алардын деңгээлин карасаңыз, анча-мынча окуучунун деңгээлине жетпейт” – деген жери бар Бакировдун.

Кысталактыкы десе, “деңгээлди” айтаардан мурда, өз деңгээлибизди ченеп алсак дурус болмок. Эл өкүлү чын эле билбейби же эптеп сүйлөп коюш үчүн калп эле анткорлондубу? Эмнеси болсо дагы мугалимдердин “деңгээлин” көтөрүүчү атайын квалификациялык окуулар тээ илгертен эле бар экенин эскертип койсок. А баса, Бакиров микрофон “ыйык” экенин Анжеликадан сурап алса жакшы болот эле. Болбосо, “мугалим”, “деңгээл” деген сөзүн канча ирет кайталап салды, сабаттуулугун байкатып.

Калыстык үчүн айта кетели, “Лейлекте бир жеке менчик мектеп ачылыптыр. Сиз бул боюнча уксаңыз керек. Алар балдарды кабыл алардан мурда, ата-энелерди окутуптур. Аларга “Балага кандай мамиле кылыш, сөз сүйлөш керек, кайсы убакта уктатыш керек, тамак бериш керек, кантип балага билимди сиңириш керек” деген тапшырмаларын койгон. Кийин ошол балдар олимпиадаларда эң жогорку бааларды алышкан экен”, – деп Бакиров белгилеген бул мисалды жаңы министр эске алып коюусу кажет экен.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости