www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө үч жаштагы наристе сабалганы атайын рейд учурунда аныкталды. Бул учурда соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда. Кантип энеси өз баласын ур-токмокко алсын деген суроо туулат. Негизи психологдордун айтымында, апасы психологиялык ооруга чалдыгышы мүмкүн. Ошондой эле, адамдардын жашоо-турмушу жакшы болуп, барчылыкта жашаса, ата-эне эч качан балдарын уруп-сабоого барбайт. Демек, социалдык абал да начар болгондуктан, балдарынан болгон күчтөрун чыгарып жатышат. 

Жыл башталаары менен эле мындай учурдун төртүнчүсү катталып жатат.

Өткөн аптада Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр жана балдар менен иштөө инспекциясы үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондун аймагында рейд жүргүзгөн. Иш-чара өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашоо шарты оор балдарды аныктоо максатында уюштурулган.

Териштирүү учурунда Кара-Дөбө айылынындагы бир үй-бүлөнүн баласы катуу сабалганы, бала 31 жаштагы апасы жана таенеси менен жашары белгилүү болгон. Ошол замат бала ооруканага жеткирилген. Анын ден соолугу текшерилип жатат. Ал эми апасы психикалык жактан жабыркашы боюнча текшерүү дайындалды.

Учурда бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости