www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чуй районундагы ооруканага тушкон жаш оспурум боюнча маалымат 2019-жылдын 11-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондун аймагында алдын алуу рейд иш-чарасын өткөрүшкөн. Аталган иш-чаранын максаты өспүрүмдө арасындагы тартип бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана оор шарттарда жашаган жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында уюштурулган.
Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө текшерүү болуп, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Иш-чарада учурунда Чүй районунун Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесине жаракат алган 2015-жылы туулган Ж.Б. аттуу бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда наристе медициналык жардам алууда.
Териштирүү учурунда өспурүм бала 31 жаштагы апасы Ж.А. жана 55 жаштагы тайэнеси М.Г. менен жашагандыгы белгилүү болду. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн. Баланын энеси жана тайэнеси медициналык мекемелердин биринде каттоодо турат деген маалымат тергөө кызматы тарабынан текшерилүүдө.
Бул окуя Чүй районунун ИИБнүн кылмыштарды жана жоруктарды катоо боюнча бирдиктүү реестрине катталган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg