www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 5-6-октябрдагы саясий окуялар боюнча беш кылмыш иши козголгонун журналисттерге ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.
Анын айтымында, суракка үч миңге жакын киши чакырылып, башаламандыктын катышуучулары аныкталган. Суралгандардын арасында саясатчылар, БШКнын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана башкалар бар.
Айткурманов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү күбө катары чакырылгандыгын белгиледи.
Бул окуялар боюнча кылмыш ишинин фигуранттарынын ысымы тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу айтылган жок.
Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор менен милиция кагылышкан. Түндө Жогорку Кеңештин имараты басып алынып, ал жерде өрт чыккан. Бул окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg