www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эт жебес Эшимов деген эр экен, 2021-жылдын 11-сентябрында 550 миң доллар менен УКМКнын укуругуна илинип,2021-жылдын декабрында кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.  2020-жылдын январында Биринчи май райондук соту сыртка чыкпасын деген чечим чыгарган.Жогорку Кеңештин 26-январындагы жыйынында Эшимов кызматынан кетүү тууралуу арызын кайра чакыртып алган. Эми эч кебелбей эч нерсе болбогонсуп, момурап БШКга жумушка чыкты. Бул жерде кандай шек болушу мүмкүн. Шаршенбек Абдыкеримов экөө «Мышык-чычкан» ойноп коюшуп кимдир-бирөөлөрдүн оозун басышкан жокпу?

Шайлоо башталганда ал кездеги «Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Шаки менен БШК мүчөсү Эшимов Акылбекке жан кирет. Булар алдыңкы тизмеге кийирүү үчүн кимдир бирөөдөн 550 миң доллар алышкан. Бирок партиясы суу кечпей калган соң алган акчанын 300 миң долларын гана кайтарып беришип, калгандары менен тамактарын майлап коюшкан. Парламенттик жыйында БШК мүчөсү Эшимов Акылбекти шишкебек кылып какташып, БШК мүчөсүнөн жок кылышмак. Ал болсо акталып чыкты.

26-январда жаңы депутаттык корпустун жыйыны болуп, төмөнкүдөй маселелер каралган: Февраль айынын календарлык планы, “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамы жана “Кувейт фонду жол салуунун ратификациялоо”  жана БШК мүчөсү Эшимов Акылбекти мөөнөтүнөн мурда жоготуу. БШК мүчөлөрү депутат кылабыз дешип,канчалаган долларларды жеп келген. Ошолордун башчысы Шайлдабекова Атамбаевдин убагында да, Жээнбековдун убагында да суудан кургак чыккан. Эми президенттин мактоосуна арзып алган соң БШК мүчөлөрүнө кадыр-барк күтүп, чиренген жетекчиге айланган.

Кызын «пиар» үчүн саткысы келген Шаки күйөө бала издеп түн уйкусунан калган. Бирок, жакшы нерсе шайлоого шылтооолоп күйөө бала тандоо «кастингин» өткөзүп күйөө балалуу болуп алды. Чындыгында, эмне себептен  Шаршенбек Абдыкеримов талапкердигин алып салды? Шайлоочулар менен жолугушуудан соң Шаршенбек Абдыкеримов күтүүсүздөн алдыдагы шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын жарыя кылды. Ал нарындыктарды бир мандаттуу округ боюнча Алмазбек Баатырбековго, ал эми партиялык тизме боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жаныбек Исаевге добуш берүүгө чакырды. Шаршенбек Абдыкеримовдун жүрөгүнүн сары суусун алып, уктаса түшүнө кирип жүргөн талапкер Алмазбек Баатырбеков эмес, Салымбековдор экенин шайлоочулар жакшы билишет. Бул шайлоо округунан Салымбековдон качып, Бишкектеги Ленин округунан талапкер болгон ат-башылык Камчыбек Жолдошбаев тоңкойду. Эми Шаршенбек Абдыкеримов өз талапкердигин алып салды. Салымбековдор үчүн Алмазбек Баатырбеков деген ким? Учурда Салымбековго добуш бере тургандардын саны арбып, Алмазбек Баатырбеков тууралуу эч ким деле коркунучтууойлорго баткан жок.

 2021-жылдын 19-ноябрында Ат-Башы айылында №33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримовдун катышуусунда эки иш-чара болуп өттү. Депутаттыкка талапкер шайлоочулары менен жолугушуу менен катар, буга чейин жарыялангандай, өзүнүн кызы үчүн күйөө бала тандоо «кастингин» да өткөрдү.

Баштапкы этапта кастингге өлкөнүн ар кайсы облустарынан үч жүздөн ашуун өтүнмө келип түшкөн. Жыйынтыгында Ат-Башыга өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүп, айырмалана алган 10 жаш жигит келди. Шаршенбек Абдыкеримов онунун ичинен кимди тандаганы айтылар, бирок депутаттыкка талапкердигин алып салды. Өзүнүн мындай чечимин ал «ар ким өз иши менен алектенүүсү керек» деп түшүндүрдү. Ал ошондой эле өзү «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү экендигин жана ушунун өзү ага өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бийик жоопкерчиликти артаарын белгиледи.

Ошону менен бирге ал район жана облус тургундарына мындан кийин да ар тараптуу жардамын уланта берерин, спорттун өнүгүүсүнө көмөктөшөөрүн жана бир катар жаңы ишканалардын ачылышына даярдык көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости