www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы министрлигинин айтымында, орто эсеп менен судьялардын айлыгы 81 000 сомдон 160 000 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми 3000 же 5000 сом алган пенсионерлер эптеп-септеп оокатын кыла бериш керек. Ачка элди, «акча» соттор мүлжүп жешеби? Эл жакырданып, соттор байып бараткандын себеби коррупциядан уламбы? Соттор мурун эле «сол» тараптан тапкан пайдалары үчүн элден өзгөчө жашап келишкен. Эми 160 миң сом алып жатабыз дешип ачык эле элден айырмаланып  жашай башташабы? Алсак  УКМК кылмыш ишин козгогондуктан Жогорку Соттун судьясы  Дильфуза Боронбаева президенттин сунушу менен кызматынан убактылуу кеткен. Анын ичип жегендери такталып жатат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «жиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айткан. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? УКМК тарап сотторду текшерип жатат. Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом), өтүгү миң доллар (84 500 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар (8 млн 300 миң сом).

«Алкоголизмге, коррупцияга каршы» текшерип турбаса мас, паракор, 415 000 сомго шуба, 84 миң сомго өтүк кийишкен соттор көбөйдү. Сотторубуз аракеч болсо, прокурорлор паракеч болсо, милициябыз жапакеч болсо тойгон экенбиз жашоого, ансыз деле милициянын укугун прокурор, сотко алып берип жатып аларды пешкага айланттык. Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Бул эмнени түшүндүрөт, анткени жаңы кодекс боюнча соттордун укугу көбөйгөнү менен судьялардын алкымдары куурап ичкиликке катуу берилчү болду. Колдору тырышып пара алчу болду. Шопурлар сыяктуу сотторду күнүгө «алкоголизмге каршы» текшерүүдөн өткөрүп турбаса мас соттор көбөйдү.

Судьялар кеңеши жүрүм-туруму талкууга алынган Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунушун президентке берди. Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп иш бөлмөсүнө кире албай жаткан аткаминердин видеосу көрсөтүлгөн. Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова тасмадагы адам Чүй облустук сотунун төрагасы экенин айткан. Президент Жапаров тасмадагы судья “мас болуп ишке келди” деп сындаган.

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков видео чырынан кийин журналисттерге кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын айткан. Оңолбеков мурда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы болуп иштеген. Ал Кыргызстандын тарыхындагы эң узак жана чуулгандуу апрель окуясын териштирип, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган.

Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренесине шек саналып кармалган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев УКМКнын тузагына түшкөн. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган.

Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттатып, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган. Бул ортодо ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча бергени маалым болгон.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «джиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айткан. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? Анан калса, алардын шубасы 5 миң доллар, өтүгү 1 миң доллар экенин да жашырган жок. Соттордун адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарышканы пара алууга байланыштуубу? Деги эле Ташиев тоңгон музду жара алабы? Же «ириген системанын» курмандыгы болобу?

Эми ачыгын айтыш керек, көптөгөн жактоочулардын жана сот системасындагы катардагы кызматкерлердин байкоосунда, судьялар чындап эле Камчыбек Ташиев айткандай, бери дегенде 50 миң долларлык машине минип жүрүшөт. Жашаган жерлери эки-үч кабаттуу чоң хансарайда же баардык шарттары менен кымбат батирлерде күн кечиришет.

Балдары чет өлкөлөрдө же бизде карапайым үй-бүлө баш багалбаган ЖОЖдордо окушат. Бул боюнча бир кезде коомчулукка жар салып: «Булар мындай акчаны кайдан табышат? Эмне үчүн булардын жашоолору майталкан?» деп жазып, айтып чыккам. Бул боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич чара көрүп баштаганы көзгө көрүнгөн.

УКМК тарап сотторду текшерип жатат. Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом) , өтүгү миң доллар (83 000 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар(кийип 8 млн 300 миң сом). Ушулардын ана башы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголуп кызматынан кетти. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалып, 2021-жылы кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости