www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шотландиялык үй-бүлө бала багуучу керектиги тууралуу жарнамасында ага жылына 64 миң доллар төлөп берерин жазганын The Telegraph агенттиги билдирди. 

Жарнама Childcare.co.uk сайтында жарыяланган. Анда беш жана жети жаштагы эки баланы кароо керектиги көрсөтүлгөн. Кызыгы ал үйдө көрүнчүлөр бар экени дагы кошумчаланган. "Бул үйдө биз 10 жылдан бери жашайбыз. Сатып алып жатканда бул үйдө көрүнчүлөр бар экенин айтышкан. Бирок биз аны таптакыр көрө элекпиз. Былтыркы жылы үйдө акылга сыйгыс көрүнүштөр боло бергенин айтып, бала багуучу беш аял жумушун таштап кетишти.

Эгер бизге керектүү адам табылса, айлыгын башкалардыкынан бир нече эсе көп төлөп берүүгө даярбыз", — деп жазылат жарманада. Childcare.co.uk сайтынын директору Ричард Конуэй бкл жарнаманы көргөндө кызматкерлердин баары таң калганын билдирди. Ошондой эле сайттын кызматкерлери үй-бүлө жана мурдагы бала багуучулар менен байланышып, жарнамада жазылганына ынанышты.

Булак: "Sputnik"
 

Последние новости