www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күздө боло турган президенттик так талашка аттанышкан талапкерлер эмитен жер-жерлерде өздөрүнө ыңгайлуу шайлоочулардын добушун алуу үчүн жандалбастап жатышкан кездери. Мурун карапайым шайлоочулар тигил же бул талапкерге жердештигине же ага-ини, таеке-жээн, бөлө, жоро-жолдошторуна жана пулуна жараша добуш беришсе, эми мындай оору укук коргоо органдарына да жеткен көрүнөт. Кептин ачыгы, милиция кызматкерлеринин арасында да аймактык бөлүнүп-жарылуу, тигил же бул талапкердин көмөчүнө күл тартуу теңденциясы байкала баштады. Сөзүбүз кургак болбос үчүн фактыларга кайрылалы.

Ушул жылдын май айынын орто ченинде КР Чүй обулусунун ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштык топторго каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси, милициянын полковниги Талас Бегалиев ички иштер министирлигинин өздүк курамынын арасында белгилүү бир өлчөмдө кадыр-баркка ээ таласстык милиция кызматкерлери жана экс-милиционерлер менен парламенттеги “Республика - Ата-Журт” фракциясынын лидери Ө.Бабановдун жолугушуусун уюштурган. Бул жолугушууга КР Жалал-Абад ИИБ Кара-Көл ШИББ начальниги, милициянын полковниги К.Айтбаев (“Калык” деген каймана аты бар) жана КР Жалал-Абад ИИБ Таш-Көмүр РИББ начальниги, милициянын полковниги Б.Бекмуратов (“Бек” деген каймана аты бар) өңдүү таластык милициянын лөктөрү, ошондой эле КР ИИМ министринин мурунку орунбасары К.Сатыбалдиевдин колтугунан чыкпаган полковниктер катышкан. Тактап айтканда, Т.Бегалиев, К.Айтбаев менен Б.Бекмуратов үчөө тең К.Сатыбалдиевдин “кол балдары”. КР ИИМ министринин экс-орунбасары буларды кандай жол менен көтөрмөлөп жүргөнү кызык. Анткени полковник Талас Бегалиев К.Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү, “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Ч.Джумагуловдун “өкүл атасы”. Калган эки полковниктин да жогорудагыдай каймана аттары бар. Же, милиция менен “мыйзамдагы уурулар” бутакташып кеткенби?

Кыскасы, жолугушуунун жүрүшүндө “Республика Ата-Журт” партиясынын лидери Ө.Бабанов келечекте боло турган президенттик шайлоодо милиция кызматкерлери ага көмөк көрсөтүп, колдорунан келишинче укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана Талас облусу менен Бишкектеги таластык жаштардын добушун алып берүүсүн өтүнүп бакылдады. Бул шайлоо өнөктүгүнө катышпагандар кийинчерээк анын колдоосун ала албай калышын да эскертип өттү.

Баракелде, Бабанов! Күздөгү шайлоого күч органдарын күчтөп киргизсең, бирдин ичинен чыгышың мүмкүн. А бирок, каймана аттары бар шектүү милиция төбөлдөрүнө ишеними күч болуп жаткандан кийин Ө.Бабановдун тагдырын кримдүйнө чечип калабы? Же, Өмүке, таекең “ДЕД ХАСАНДЫН” бир кезектеги керези ушундай беле?

Ырас, Өмүкеде пул да бар. Пул болгон жерде кимдер гана болбойт...

Автор Болотбек Касымов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости