www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев айтмакчы ИИМ министри Улан Исраилов кимдир бирөөнүн заказдарын аткарганы келген министрби? Бул жигит аталган министрликке келгени жарытылуу иш жасалган жок. Баарынан да мыйзамсыз иштерге көз жумуп келгени абдан өкүнүчтүү болуп жатат.

Кадр маселесинде да өз алдынча чечим чыгара албаганы, айланасындагы “крысалардын” жетегинен чыга албаганы көпчүлүктү иренжитүүдө. Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгындагы мыйзамсыз иштерди факты менен көзүнө чукуп көрсөтүп берип жатсак дагы чечкиндүү кадамдарга барып, жыйынтык чыгарбаганы шек жаратууда.

Президент Алмазбек Атамбаев аны ИИМге ишенип, иштеп берет деп, эл-журттун баарына жаман көрүнүп алып келбеди беле? Анан эмне болду? Атамбаевге сөз тийгизбей иштеп бердиби, албетте жок! Өкмөт башчы Сокец деле араң турат дейт өйдө жактан тартынып, болбосо эбак эле кызматтан айдамак экен. Ооба, Улан мырзанын адамкерчилигинде, жөнөкөйлүгүндө сөз жок, мыкты адам. Бирок ал жетекчи катары чечкинсиз болуп жатпайбы…

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости