www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер! 11 -12 июнь күндөрү  "Аалам" саясий партиясы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тургундары менен партиябыздын 10 жылдык маарекесин өткөрдүк. Миңдеген мекендештер конференцияга келишип Арсланбек Малиевге жана мага көптөгөн суроолорду узатышты.

Көйгөйлүү маселелер албетте көп, бирок мамлекетибизде тынчтык болсо баарын чечсек болот. Элибизге рахмат, кандай кыйынчылык болбосун сабырдуулук менен баарын көтөрүп келе жатат. Келген коноктор Арсланбек Малиевтин басып өткөн жолу боюнча "Аккан арыктан, суу агат"- деген даректүү тасманы көрүшүп, Малиевдин басып өткөн жолуна татыктуу баа беришти. Таза, адамгерчиликтүү, күчтүү тажрыйбалуу саясатчы экенине ынанышты жана Малиевдин президенттик шайлоого баруусун суранышты. Бүт келген конокторго ыраазычылык билдиребиз.

Ушундай жакшы маанай коомчулукка тараган соң, бүгүн, капысынан эле Ширинай деген кыз видеого тартып таратылыптыр. (Албетте өзү тарата албайт, кайсы бир саясий күчтөр)"Малиев, мени авария кылган, ушундай абалга алып келген"-деп. Сенсиреп, күнөөсүз улуу кишиге. Кыргызстанда саясатчылардын жасаган терс иштери 21 жыл аралыгында эмес эки сааттын ичинде коомчулукка тарайт. Малиев кимдир бирөөнү авария кылса кылмыш иши козголмок. Ал маалыматты баарыбыз билмекбиз. Ширинайдын видеокайрылуусунда даана көрүнүп турат, бул кыз кайсы бир саясий күчтөрдүн куралы болуп жатканы.

Аттиң, саясий оппоненттер керек болсо, майып кызды колдонуп, Улуу Рамазан айында ушундай ыплас ыкманы колдонушканы мага чынын айтсам жийиркеничтүү сезим калтырды.

Ошондуктан урматтуу ФБгы достор, мекендештер мындай "кара пиарга" ишенбегиле! Биздин партия эч бир оппонентке мындай "кара пиар" жасаган эмеспиз жана жасабайбыз. О.э. Арсланбек Малиев миндеген жарандарыбызга кайрымдуулук жасап жүргөнүнө элибиз да, мен да күбөмүн. Таза инсанды булгайм десе да булгай алышпайт, Арсланбек Малиев таза инсан, мен Арсланбек Малиевке ишенем, замандаш сен да ишен!

Менин оюмча 3 жаштагы мезгилин эч ким ойлой дагы албайт. Майып кыздын “кел жолугалы” деген одоно мамилесине жана бул ишти ким уюштурганы бизге маалымат катары жетти. Орозо күнүндө Кудайым Сизге дагы ыйман-ынсап берсин. Сизди Жараткан тозоктун отунан сактасын...

Сизди терең сыйлап урматтап Жылдызкан Жолдошова

Эске сала кетсек кечээ, 15 – июнда социалдык тармактарда “Аалам” партиясынын лидерин күнөөлөгөн тасма тарап кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости