www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө жаратылыштын булганышынан улам экология жабыркап, адамга зыянын тийгизген, «өлүм ордолору» деп аталган жерлер көбөйүп жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы БУУнун адам укуктары жана айлана-чөйрө боюнча өкүлү Дэвид Бойддун докладына таянып жазды.

Маалыматка таянсак, кирдеген мындай аймактарда миллиондогон адам өмүр кечирип келет. Көптөр инсультка, жүрөк жана дем алуу органдарынын оорусуна, ракка кабылган. Абадагы оор металлдардан, башка коркунучтуу заттардан улам акыл-эси, психикалык саламаттыгы жабыркаган.

«Айлана-чөйрөнүн олуттуу кирдеши 9 миллион өмүрдү мезгилинен эрте алып кетти. Бул COVID-19 адамзатты аралаган пандемиянын алгачкы бир жарым жылдык мөөнөтүндө көз жумгандардан эки эсе көп. Негизинен «өлүм ордолору» ошол аймактагы өнөр жай ишканаларынын иштешинен пайда болгон», — деди Бойд.

Ал өтө эле кирдеген райондордун ичинен Луизиана (АКШ) штатындагы «рак аллеясын» бөлүп көрсөттү. Аталган жерде мунайды кайра иштетүүчү жана нефтихимиялык 100дөн ашуун заводдор иштейт. Кооптуу жерлер деп андан сырткары, Замбиядагы Кабве шаарын, Румыниядагы Пата Рат таштандысын, Франциядагы Гваделупа, Мартиника аймактарын атаган.

Эске салсак, буга чейинм БУУ адам баласына зыян болгон шарттар токойдогу өрттөр менен добуштардын кесепети экендигин айткан. Адистер бул кубулуштар жаратылышка жана адамдардын ден-соолугуна оңбогондой зыянын тийгизерин билдиришкен.

Ошондой эле эксперттер токойдогу өрттөн улам дарактар сыртка бөлүнүп чыккан парник газдарын жутуучуларга жана анын булагына айланарын, ал эми жалын, күйүк сууну булгап, мөңгүлөрдүн эришин шарттай турганын белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости