www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Атамбаевди 11 жыл эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырды. Атамбаев президент болуп турганда Талгарбеков сыяктуу далайларды жалаа жаап камагандары элдин эсинде. Алмазбек Атамбаевге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда жалпы беш кылмыш иши козголгон. "Батукаев иши" боюнча Атамбаевдин сот өкүмү 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген. Жогорку соттун 15-марттагы чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунун өкүмдөрү өзгөртүлдү. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп Жогорку сотко арызданышкан. Ал арыз канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген. 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ар бир мамлекет башчысы командасы менен келет. АКШдабы, Орусиядабы “ключевый посттордо” бийлик башынын ишенген кишилери турат. Атамбаевдин башкы таарынычы жогорку кызматтарда менин кишим болот, мыйзам боюнча кызматтарды өкмөт башчысы чечет, президент болсо “Англия королевасы” деңгээлине наам, сыйлыктарын берип жүрө берсин сыяктуу. Муну Назарбаев куп пайдаланды, анткени “Нур-Отанга” башка партиялар караандабайт, аны жетектеди, Коопсуздук Кеңешин алды, президенттен кетти, бирок бир топ эл аралык уюмдарга президент болду. Аягы ал деле кубаланды.

Атамбаев менен Жээнбеков ортосун эмнеге “кара мышык” аралап кеткен? Кыргыз элинде жакшы салттар бар эле, эки эр чатакташа кетсе, ортосуна аксакалдар түшө калып жараштырып коюшчу. Бүгүнкү жөнөкөй аксакалдарды теңсинбей эч ким укпайт, ал эми атка минер аксакалдар “дүжүр чалдарга” айланышкан. “Дүжүр чалдар” жышма болуп алышкан, ошондуктан экөөнө калыстыкты айткандын ордуна кайра бири-бирине кайраштырып, жышып келишти. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Атамбаев - Жээнбеков тандеми 2017-жылы президенттик шайлоодо бирге чыгышып, ошол мезгилде  Бабанов бул тандемге каршы чыгып 30 пайыздан ооп кеткен. Мындай КМШда болгон 1995-жылы Ельциндин атаандашы Зюганов  30 пайыздан ооп кетип, Ельцин үчүнчү чыккан Лебедди кошуп алып, араң экинчи турда чыккан.

Атамбаев - Жээнбеков тандеми биринчи турда жеңишке жетишти. Жээнбеков президенттик инаугурацияга чейин да, президенттик инаугурацияда да, ал эмес кийинки жылдын апрелине чейин Атамбаевге унчуккан эмес. Арийне, бийлик өзгөрүлбөй кала берген. 2016-жылдагы референдумда өзгөртүлгөн Башмыйзам боюнча өкмөт башчысы фракция жетекчиси менен биригип кызмат ордун дайындайт, ал эми президент 3 күн мөөнөттө кол койот. 3 күн мөөнөттө кол койсо да, кол койбосо да мыйзам күчүнө кирет. Бул акыры президентти “Англия королевасы” деңгээлине түшүрмөк, “Англия королевасы” да түбөлүктүү, королева Елизавета экинчи 1953-жылдын 2-июнунан бери Англиянын королевасы. Арийне, анын укуктары чектелген, элчилерди кабыл алат, сыйлык, наамдарды берет, премьер-министр кабыл алган мыйзамдарга кол койот. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кааласа импичмент менен жок кылмак. Анткени, парламент деле бийлик кимде болсо ошого ооп кетмек.

 Жээнбековго президент катары мамлекетте стабилдүүлүк “суудай” керек болгон. Кантип эле мурунку президент Атамбаев оппозицияга өтүп алып чуру-чуу түшүрүп жатканын кааласын. Эгер Атамбаев өз макамы менен жүрө берсе, ага ким тийишмек эле. Атамбаевге да Жээнбеков менен жакшы мамиледе калып ШКУ, ЕАЭС сыяктуу эл аралык саммит Бишкекте болгондо, Казакстандын мурунку президенти Назарбаевдей жыйынга ардактуу мейман катары катышып турса, же Путинге окшогон мурунку кызматташтары  иш сапары менен келип калса протоколу жок 1-2 саатка божурашып алса болмок. Атамбаевге андай возуйпа тагылган жок, ШКУ саммити Бишкекте өттө, мурунку “бир сындырым нанды тең бөлө жешкен” кесиптештери Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкиси келбей Атамбаевге жолугушуудан оолакташты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости