www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пара талап кылууга шектелип кармалган Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соту маалымдады.

Маалыматка караганда, анан бөгөт чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда 13-мартта каралган. Сот УКМКнын ага лейтенантынын өтүнмөсүн канааттандырган. Ал 11-майга чейин камакта болот.

Белгилей кетсек, 11-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы И.А.К. аттуу адам жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Б.А.И. аттуу кызматкери кармалган. Алар T.Б.T. аттуу жергиликтүү ишкерден опузалап, 120 миң сом талап кылып, анын 90 миң сомун алып жаткан учурда кармалган.

Аларга карата "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен иш козголуп, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости