www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев хирург Эрнст Акрамовго мамлекеттен турак жай алып берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү бүгүн пленардык жыйындын башында төрага Талант Мамытовго кайрылып, үй менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштаган.

"Эки күндөн бери коомчулукта дүрбөлөң болуп жатат. Белгилүү хирургубуз Эрнст Акрамов жумушсуз калып, эми жашай турган жери жок экен. Урматтуу төрага, карап көрсөңүз, эгер мүмкүнчүлүк болсо жашоого шарт түзүп берсек. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Кыргыз Эл баатыры", — деди Масалиев.

Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министри кечээ, 15-мартта, Чүй облустук ооруканадагы Акрамовдун Хирургия реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жапканын билдирген. Ошондой эле анын үйү жоктугун, ошол оорукананын имаратында жашап жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости