www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдардын турак жай укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын областынын прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдардын турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында Кочкор районунда 5, Жумгал районунда 3 жана Нарын районунда 1 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтери тапшырылды.
Прокуратура органдары тарабынан калктын аярлуу катмарына кирген, анын ичинде өзгөчө балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо жана алардын социалдык абалдарын жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.