www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши саясый мүнөзгө ээ. Бул тууралуу камалган врач-онколог Эмиль Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштобаева билдирди.

Анын айтымында, Батукаев боюнча жаңыртылган иш кеткен бийлик менен азыркы бийликтин ортосундагы пландалган акция.

“Биздин врачтар бийликтин куралына айланып бара жатат. Чымындан төө жасаганда эч кандай далили жок чечим чыгарган депутаттар мындайда мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай коймок эмес. Эл өкүлү Евгения Строкованын билдирүүсү, мурда токтогон иштин жандануусуна себеп болгонун баары эле билет. Ал дароо, врач-онкологду шектүүдөн кылмышкерге айлантып салды”, - деп айтты жактоочу.

А.Кыштобаева, Э.Макимбетовго тергөөгө байланышкан “сделка” сунушталганын билдирди.

“Анын камерасында, арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар 13 адам отурат. Бирок, алар тараптан эч кандай басым көрсөтүлгөн эмес. Менин кардарымды камап койгондун өзү психологиялык басым. Тергөөчүлөр, дарыгерге ким буйрук бергенин айтсаң жеңилирээк болмок да, мүмкүн бийликтегилерден ушундай тапшырма болгондур дешүүдө. Биз мыйзам талаасында иш алып бараарыбызды айттым”, - деп кошумчалады ал.

Мүмкүн, тергөөчү өз сөзү менен Эмиль Макимбетов мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановго, экс-омбудсмен Турсунбек Акунга карата көрсөтмө беришин каалагандыр деп болжолдоодо адвокат.

Белгилей кетсек, А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жаткан Э.Макимбетов, камалгандан бери 2 жолу инсульттун алдындагы криз алган жана үчүнчүсүндө эс учун жоготкон. Бирок, аны ооруканага жаткырган эмес.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости