www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар жума сайын тагдырдын сынооосуна кабылган инсандар менен маек куруп, коомчулукка жарыялап келебиз. Бул ирет турмуштан баар таппай, эки баласы менен жардамга муктаж болгон Аскар кызы Бактыгүлдүн башынан өткөн оор тагдыры тууралуу баяндайбыз. Социалдык тармактарда Бактыгүлдү жолдошу сулуу эмессиң деп сабаган, учурда жардамга муктаж деген маалымапар байма-бай тарап жатат. Чын-төгүнүн угуу үчүн байланыштык.

– Бактыгүл саламатсыңбы? Абалың жакшыбы?

– Рахмат, жакшымын. Балдарым менен батирде туруп жатабыз.

– Батирге чыгууга ким жардам берди?

– Айылдан келгенде курбумдукунда бир аз жашадым. Ал эл бар, журт бар деп интернетке абалымды жазып чыккандан бери кайрымдуу инсандар жардамын берип жатышат. Бир байке кайрымдуулук кылып 6 айга батирдин акчасын төлөп берди. Тамак-аштан кыйналган жокпуз. Элден айланса болот экен, эл алып келип берип жатышат.

– Балдарың кичинекей экен, мамлекет тарабынан жөлөк пул алчу белең?

– Кичүү кызым 6 айлык, улуу балам 3 жашта. Айына 1800 сомдон жөлөк пул алып жүрөм.

– Окуяны башынан айтып берсең, эмне себептен үйдөн кетүүгө аргасыз болдуң?

– Кайын энем жолдошум экөөбүздүн ортобузду бузган негизги адам болду. Жолдошум апасынын тилин угуп, акыркы учурларда көп уруша турган болуп калган. Көп учурда колу тийчү. Бала менен үйдө отургандыктан өзүмдү карап, жасанганга чолоом тийбей калгандыктан “сулуу эмессиң” деп жериген да күндөрү болгон. Тынымсыз ур-токмоктон, жемеден тажап, үйдөн кетүүгө аргасыз болуп шаарга келдим. Жолдошум мен Россияга барып иштеп келем деп, бир тааныш эжесинин үйүнө жеткирген. Бирок ал эженин үйүнө 2 балам менен батпай койдук. Баласын каралашып үйүндө отурсам да кодулай бергендиктен, башка бараар жерим жок кайра эле кайын энемдин колуна бардым. Жолдошум Россияга кетем деп койгон, бирок үйдө эле экен. Кайын энем: “Үйгө сенин тиешең жок, эмне келдиң?” – деп кубалай баштады. Жолдошума жалдырадым, багаар-көрөөрүм жок экенин айтып, балдарды чоңойтуп алайын десем болбой, “Кеткен жерге эмне келесиң, мен башкага үйлөнөм” – деп апасына болушту. Аргам түгөнүп курбума чалдым. Ал шаарга келе бер, эл бар, журт бар, бир нерсе кылабыз деп чакырды. Ошол дос кызым интернетке тагдырымды айтып чыгып, элдин жардамы менен батирге чыгып жашап жатабыз.

– Багаар-көрөөрүм жок дептирсиң, бир туугандарың, төркүнүң жардам берген жокпу?

– Менде жарытылуу төркүн деле жок. Жашымдан тайларымдын колунда өскөм. Көрүнгөндүн колунда өскөндөн өткөн азап жок. Ар кимдин оокатын кылып, оту менен кирип, күлү мқнен чыксам деле ур-токмокко алышып, бала чагым аябай оор өттү. Ким биринчи колу жетсе эле сабай беришкенинен баарынан тажап, орто мектепти бүтүп эле ушул жолдошума турмушка чыгып кеткем. Жолдошумду бир эже таап берген. Ал күйөөмдүн жакындары менен тааныш экен. Жолдошум менден 4 жаш улуу. Экөөбүз 4 жыл чогуу жашадык, 2 балалуу болдук. Учурда Россияга кеткен деп жатышат, аны менен байланышым жок. Балдарымды кор кылбай аман-эсен чоңойтуп алсам иш таап, мындан аркысын өзүм эптеп кетээрмин деген оюм бар. Мектепти бүтүп эле турмушка чыктым. Билим алууга шартым болгон жок.

Урматтуу окурман! Садака берүү, кайрымдуулук иштерин кылуу ар пенденин парзы эмеспи. Турмуштун запкысынан чарчаган жалгыз бой, багаар-көрөөрү жок энеге жардам берем десеңиз 0709352774 номуруна чалсаңыздар болот.

Булак: «Фабула»

Последние новости