www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Тазабек Икрамов, Асылбек Жээнбековдон бата алып, уулуна Президенттин атын ыйгарды. Бул мен үчүн сыймык деп белгиледи депутат.

Интернет айдыңында Т.Икрамовдун баласына Президенттин “үкөсү” Асылбек Жээнбеков бата берип, баланы “Сооронбай Тазабекович” деп атаган тасма желдей тарады. Интернет колдонуучулар, депутат баласынын атын президенттин атынан койгон го деп күбүр-шыбыр болушкан.

Анан эле журналисттер ушул өңүттө депутат Икрамов менен байланышканда, ал: “Өткөн жылдын февралында уулду болуп, атын өзүм койдум. Элге кызмат кылган, тарбиялуу жигит болсун деген жакшы ой менен. Балама тушоо той бергенде, депутаттар менен катар А.Жээнбеков да келген. Асылбек Шарипович балама батасын берди. Конокторго “муну тартып, интернетке таратпагыла” дегем. Мунун эмнеси жаман?”- деп жооп берген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости