www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 6-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту «улут аралык кастыкты козутту» деп шек саналып жаткан окутуучу Темир Болотбекти актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

«Медиа Полиси Институту» уюмунун маалыматына караганда, жалпысынан үч экспертиза жүргүзүлдү. Уюмдун демилгеси менен уюштурулган психологиялык-лингвистикалык экспертизаны орусиялык филологдор өткөрүп, ал козуткан эч нерсе айтпаганын, «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козгобой турганын билдиришти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке карата 2018-жылы 1-мартта «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости