www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

Аталган мыйзамды кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жана жаза түзөтүүлөрүн аткарууга жагымдуу шарттарды түзүү жана тараптарга кылмыш-жаза мүнөзүндө чара колдонууга байланыштуу социализациялоо зарылдыгынан улам келип чыккан.

Бул максатта бир катар мыйзам актыларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндөгү» кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости