www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев тууралуу маданият ишмерлери тынчсызданып, сот ишинде аделеттүүлүк болот го деп күтүп жатышканын айтты. Эл өкүлү тууралуу айтылуу төкмө акын төмөнкүлөргө токтолду.

“Биз улуу аксакалдардан көп угуп калдык, Осмонбек Артыкбаевдин чоң атасы Артыкбай Калпа болгон. Ал кишинин өз заманында эле көптөгөн инсандарга үлгү болгон, тазалыгы, өзүнүн руханий байлыгы менен  көпчүлүккө таанымал адам экени ушул күнгө чейин байма-бай айтылып келет. “Артыкбайдын уулун Мамбетжан аке” дешип сыйлаганын улуу муундагы аксакалдардан көп уктум.

Ал балдарына ушунчалык жакшы тарбия берген, болушунча элдик болгула, жакшы болгула, таза адам болгула деп балдардын жан дуйнөсүнө руханий гүлазык берип, тарбиялаган аксакал болгонун айтышат. Ошондой үй-бүлөдөн тарбия алып чоңойгон Осмонбек Артыкбаев аталарынын ишеничин, үмүтүн актап,  көптөгөн жакшы иштерди жасаганын биз эч качан унутпайбыз. Ошолордун ичинен мен өзүмдүн кесибиме байланыштуу акылым жеткен түшүнгөн жагдайларды айтып кетейин. 

Мен билгенден элдик оозеки чыгармачылыкка  байланышкан иш чараларда  опол-тоодой чоң салымдарды кошту. Башкача айтканда өзүнүн маңдай теринен, өзүнүн бизнесинен убагында топтогон капиталын жеке кызыкчылыгына гана жумшаган киши деп билбейбиз. Биз дайыма ушул киши менен биргеликте иш алып барчубуз. Мына Коргоол Досуевдин 130 жылдыгы өттү. Ошондо биздин Айтыш коомдук фонду, биздин мектеп менен биргеликте иш алып барып, тең ортодон байге фондун түзүп, мыкты айтыштар өттү.

Андан кийин кыргыз элинин эң залкар демократ, композитор акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгында тикесинен тик туруп, өзүнүн жеке атуулдук позициясы, атуулдук жүрөгү менен эң бир оозго алынаарлык, мактоого татырлык иштерди аткарган. Чындап айтканда биздин маданиятты түшүнгөн, ошону баалаган, ошого өзүнүн чын дилинен кол сунуп жардам берген жогорку мамлекеттик иштерде, башкача айтканда депутаттардын арасында бул мындай адамдар беш колдоп эле саналат. Чынын айтканда коомго жардам берген мындай адамдар өтө аз. Ашып кетсе 5-10 киши бар десем жаңылбайм. Ошолордун бири Осмонбек Артыкбаев. 

Ошол Токтогулдун 150 жылдыгында жеке мен билгенден  бүтүндөй ТүркСой эл аралык уюму Токтогул Сатылганов жылы деп ошонун бардык иш-чараларында Осмонбек Артыкбаев өзүнун атуулдук демилгеси менен салымын кошуп, эмгегин жасаган эле. 

Ал ар кандай иш-чараларда активдүүлүгүн терең көргөзө алган. Ошол мезгилде бул 150 жылдыктын байге фондунда өтө кызык эл аралык айтыш өткөн. Мына ошол Айтыш коомдук фонду менен биргеликте 3 миллион сомдук байге сайылган. Осмонбек Артыкбаев негиздеген фонду менен биргеликте өткөргөн. 

Андан кийинки Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган казак-кыргыз ортосундагы эл аралык айтышта да Айтыш коомдук фонду менен биригип, бул айтышта дагы Осмонбек Артыкбаев чогуу уюштуруп, эл аралык чоң саамалык болуп өткөн. Чыгармачыл адамдарда биздин жүрөгүбүз көп нерсени жакын кабыл алып, жүрөгүбүз аркылуу өткөрөбүз көп нерсени.

Осмонбек Артыкбаевге учурда ушундай айып тагылды, бул киши камалат экен дегенден  баштап биз тынчсыздандык, кейидик, ал тургай кооптонбой да койбойт экенсиң. Бул кандайдыр бир курмандык болуп калган жокпу деген күдүк ой бизге келет. Жаңылыштык болуп калган жокпу, муну бир терең иликтеген сот иштерине биз дагы адилеттүүлүктү болушунча аткарып беришсе деген ой бар.

Осмонбек Артыкбаевди биз эркиндиктен күтөбүз. Мындай адамдардын эркиндикте жүрүшү чыгармачыл чөйрө менен маданият инсандары менен  жана дагы маданий маселелерди бирге иш алып барып жүргөнү бизге чоң мааниге ээ. Биз тынчсызданабыз, адилеттик болот деген ишенимдебиз. Анан дагы албетте биз күтөбүз жана бул кишинин соттук иштеринде толук адилеттүүлүк болсун жана болот деген ишенимдебиз”,-деп сөзүн жыйынтыктады Элмирбек Иманалиев.

Адвокат Нурлан Садыковдун айтымында, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо Артыкбаевдин күнөөсү жок, бул тууралуу тергөө маалында коргоо сотко берген көп сандаган документтер тастыктап турат.

“Биз ишин жактап жаткан адамдын күнөөсүз экендигин айгинелеген баардык далилдер бар. Ал ТЭЦ боюнча чечим кабыл алган эмес, ТЭЦке байланыштуу документтерге кол койгон эмес жана бул долбоорду колдогон эмес. Баардык чечимдер - компанияны тандоо, келишимдин суммасы, ошондой эле контрактын формасы ал министр болгонго чейин эле чечилген. Анан калса Артыкбаев  модернизациянын өзүнө катышкан эмес. Модернизация башталганга чейин эле Артыкбаевди министр кызматынан алышкан”,-деп айтты адвокат Садыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости