www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стив Жобс, Аpple компаниясынын негиздөөчүсү Тарыхый жеңилүүсү: Дүйөнөгө белгилүү бизнесмен Стив Жобс Стэнфорд университетинен айдалган. Мындан тышкары өзүнө тиешелүү компанияда жумушунан айдалган. Ийгилигинин тарыхы: Айдалгандан соң башка компания ачкан. Ал NeXT Inc деп аталган. Кийинчерээк аны 429 миллион долларга сатып, Аpple компаниясын башкаруу укугун кайра сатып ала алган. Билл Гейтс, Microsoftтун негиздөөчүсү: Тарыхый жеңилүүсү: Гарварддагы окуусун таштап салган. Анын алгачкы ачкан ишкерлиги Traf – O – Data ийгиликсиз болгон. Ийгилик тарыхы: Кийин Microsoft компаниясын түптөп миллиардер болгон. Альберт Эйнштейн, физик Тарыхый жеңилүүсү: Атактуу физик 4 жашына чейин сүйлөй алган эмес.
Мугалимдери аны акыл-эси кем деп эсептешчү. Ийгилик тарыхы: Салыштырмалуулук теориясын иштеп чыгып, нобель сыйлыгына ээ болгон. Томас Эдисон, ойлоп тапкыч Тарыхтагы жеңилүүсү: Лампочканы ойлоп табуу боюнча миңден ашык ийгиликсиз аракеттерди жасаган. Ийгилик тарыхы: Кийин лампочканы биринчилерден болуп өзүнө патенттеген. Электр эсептегичин, фонографты ойлоп тапкан. Дүйнө жүзү боюнча 4 миңге чукул ачылыштардын патентинин ээси болуп саналат. Майкл Джордан, баскетболчу Тарыхтагы жеңилүүсү: Мектептеги баскетбол командасынан куулган. Тарыхтагы ийгилиги: Кийин дүйнө жүзүнө таанылган белгилүү баскетбол жылдызы болууга жетишкен. Стивен Спилберг, режиссер Тарыхтагы жеңилүүсү: Түштүк Калифорния Университетине 3 ирет тапшырып, 3 ирет тең өтпөй калган. Тарыхтагы ийгилиги: Ал тарткан тасмалар жалаң хит болуп, учурдун мыкты режиссёру экендигин далилдей алды. Ага тиешелүү «Список Шиндлера», «Челюсти», «Парк юрского периода» ж.б тасмалар бар.
Опра Уинфри, телеалыпбаруучу Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Кедей үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Өспүрм кезинде жалгыз бой эне болгон. Ийгилик тарыхы: Учурда дүйнө жүзү боюнча эң белгилүү шоунун алып баруучусу жана мурдагы кедей жашоосу эми артта калган. Джоан Роулинг, жазуучу Тарыхтагы жеңилүүсү: Жазуучу жалгыз бой эне болуу менен бирге кезинде 12 басма үйү андан баш тартышкан. Тарыхый ийгилиги: Горри Поттер жөнүндөгү окуялар камтылган китептердин бир нече томун жазып, китепти дүйнөлүк бестселлерге айланта алган. Ал эми Гарри Поттер бренди бүгүнкү күндө 13 млрд доллардан ашык бааланат.
Уолт Дисней, сүрөтчү-мультипликатор Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Гезиттердин биринен фантазиясынын жоктугунан улам жумуштан айдалган. Анын биричи ачкан фирмасы банкротко учураган. Тарыхтагы ийгиликтери: Көпчүлүккө белгилүү каарман Микки Маусту ойлоп тапкан. Мындан тышкары The Walt Disney Company компаниясын негиздеген. Жалпы жонунан 32 Оскар сыйлыгынын ээси. Мэрилин Монро, актриса Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Ал каттап жүргөн моделдик агенттикте ага модель болуунун ордуна катчылык кызматты сунушташкан. Ийгилик тарыхы: Убакыт өткөндөн кийин белиглүү актрисага айлана алган. Мындан тышкары дүйнөдөгү сексуалдуу айым деп табылган. Бул тууралуу "Де-Факто" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg